Меню
Эл-Сөздүк

АЛП КАРА КУШ

АЛП КАРА КУШ — оң каармандарга колдоо көрсөтүүчү сыйкырдуу, абдан зор куш, бүркүттүн мифтештирилген кейпи. Түрк элдеринин оозеки чыгармаларында кездешүүчү А. к. к., ажыдаардын туруктуу колдоочулар болушун байыркы мезгилге байланыштуу кароо керек. А. П. Окладников түрк-моңгол элдеринин көпчүлүк чыгармаларында бүркүттүн образы жөнүндө: «бакты-таалайдын жана молчулуктун залогу катары, мал менен кесипчилик кылган коомдун эң жогорку колдоочусу катары ыйык асмандын ээси болуп саналат» — дейт. Айрым археологиялык табылгалардагы сүрөттөргө караганда бүркүттүн бул образы байыркы коло доорунда эле белгилүү болгон. Ал эстеликтердин айрымдарында: «Алп кара куш арбайып, Асмандан буту тарбайып, Манаска жолдош болуптур» — делип эпосто туруктуу сүрөттөлгөндөй бүркүт кармашып жаткан жоокердин үстүндө айланып турат. Борбордук Азиядагы байыркы түрк мамлекетинин тушунда да А. к. к. колдоочулук касиетке ээ болгонун атактуу кол башчы Күлтегинге коюлган таш эстелик ачык кабарлайт. Бул эстеликтеги адамдын баш кийиминин алдыңкы бетинде укмуштуу куштун сүрөтү түшүрүлүп, анын магиялык касиетке ээ экени ачык чагылдырылган. Бүркүттүн колдоочулук элеси байыркы Сибирь элдерине гана жайылган эмес: «көптөгөн элдердин түшүнүгүндө бүркүт асмандын ээси, ал эми бир кыйла өнүккөн диндерде асман ээсинин (Зевс, Один) жандоочусу эсептелет» (Ельницкий Л. А. Скифия Евразийских степей, Новосибирск, 1977, 236-б.). Келтирилген мисалдарга караганда бүркүттүн бул типологиялаш эволюциясында эки тенденция байкалат. Ал эгер өнүккөн динге карай ыкташса кудайлардын жандоочусуна, ал эми элдик оозеки чыгармачылыкта элдик баатырды колдоочу укмуштуу жаныбарга айланат. Дүйнө элдеринин көпчүлүгүнүн оозеки чыгармаларында бүркүт менен катар ажыдаардын образы жүргөнүн көрөбүз. Мындай учурда жогоруда айтылгандай бүркүт асмандын ээси, адамга жакшылык алып келүүчү күч болуп сүрөттөлсө, ажыдаар тескерисинче, жер асты дүйнөнүн (өлүктөр жашаган дүйнөнүн) ээси. Бүркүт менен ажыдаардын ортосун адатта дүйнөнүн көпчүлүк элине кеңири белгилүү болгон өмүр дарагы — космостук дарак туташтырып турат. Түрк элдеринде деле булардын байланышы ушуга жакын элестетилет. Якут, алтай жана байыркы кыргыздардын оозеки чыгармаларында тууган жердин ээси, символу, төбөсү көккө тийип, тамыры жер астындагы өлүктөр дүйнөсүнүн каардуу кудайы — Эрликтин мекенинен орун алган дарактын башында бүркүт отуруп, баатырды кароолдоп отурганы, ал эми анын түбүндө ажыдаар тибиндеги жаныбар жатканы айтылат. Төштүк жер астына түшкөндө, дарактын башына чыгып, А. к. к-тун балапандарын жутмак болгон ажыдарды өлтүрөт. Мындан биз дүйнөлүк (космостук) дарактын классикалык үлгүсүнө жакын көрүнүш сакталганын, анын башын ) асманды) А. к. к. (бүркүт), ажыдаар жер астындагы дүйнөнү (элдик баатыр аны жер алды дүйнөдө кездешип өлтүрөт) ээлеп турганын көрөбүз. Манасты А. к. к. менен ажыдаар ушул космостук дарактай бири төбөсүндө айланып, бири алдында болуп колдоого алат. Мунун өзү Манастын күч-кайраты байыркы түрк элдеринин түшүнүгүндөгү үч сферага (жер алды — өлүктөр дүйнөсү, жер үстү — кадимки адамдардын өлкөсү, асман — кудайлар тибиндеги жогорку күчтөрдүн өлкөсүнө) тең жеткенин символдоштуруп турат. Кээ бир варианттарда А. к. к. — зымырык деп да айтыла берет. Бирок, А. к. к. байыркы түрк элдеринде, зымырык байыркы перси элдеринде пайда болгон типтеш эки башка образ. Кийинки манасчылар маданий-адабий таасирлердин натыйжасында чаташтырып айта башташкан.
Р. Сарыпбеков

Примеры переводов: АЛП КАРА КУШ

Кыргызский Русский
Кара . Черный.
кара . Черный.
Кара-кытай Кара-кидани
кара куурай Конопля.
кара тизме . Черный список.
кара тактай . Доска.
кара тизменин номуру Черный список номер.
кара тизме толуп калды. Черный список полный.
кара тизме өзгөртүлдү . Черный список изменился.
кара тизменин номурлары Черные номера списка.
Желдетилген кара шоколад 75г Темно пористого шоколада 75г
номур кара тизмеге киргизилген. Количество в черный список.
кара тизмеге киргизилген номур . Блокированные номер.
Ал кара, а мен ак түстөгү кийим кийчүбүз. Он носил черный и я носил белый
Кара-Кулжа районунунда сугат суу колдонуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу Улучшение доступа к поливной воде в Кара-Кульджинский район
алар өз милдеттерин кара ниеттик менен, адистигинен жана калыстыктан тайып аткарганда неверными, непрофессионально или не беспристрастным исполнение обязанностей
Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы секс-кызматкерлердин арасында ВИЧ/СПИДдин алдын алуу Профилактика ВИЧ / СПИДа среди секс-работников города Кара-Суу Ошской области
Кара-Суу шаарындагы секс-кызматкерлердин арасында ВИЧ ИПППсынын алдын алуу жана ВИЧти жайылтуусун азайтуу. Уменьшение распространения ВИЧ и профилактике ВИЧ / ИППП среди секс-работников, Кара-Суу
1868: Экинчи Форд Ларами келишими Улуу Сиу Улутунун эгемендүүлүгүнө жана Black Hills (Кара Дөбөлөргө) ээлигине даана кепилдик берет. 1868: Договор о втором Форт Ларами четко гарантирует суверенитет Великой Су нации и причастности Лакота "священных Блэк-Хиллс.
Бирок мунун өзү мындай аталышты кара ниеттик менен пайдалануудан укугу бузулган адамды мыйзамда каралган башка ыкмалар менен коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт. Однако лицо, чьи права были нарушены недобросовестным использованием этой наименования не может быть лишен возможности их защиты иными способами, предусмотренными законом, а также на основании правил о недобросовестной конкуренции.

Примеры переводов: АЛП КАРА КУШ

Кыргызский Английский
Кара . Black .
кара . Black .
Кара-кытай Kara-Khitan
кара куурай Hemp.
кара тизме . Block list .
кара тактай . Blackboard .
кара тизменин номуру Blacklist number .
кара тизме толуп калды. Blacklist full.
кара тизме өзгөртүлдү . Block list changed .
кара тизменин номурлары Black list numbers .
Желдетилген кара шоколад 75г Dark Aerated Chocolate 75g
номур кара тизмеге киргизилген. Number blacklisted .
кара тизмеге киргизилген номур . Blacklisted number .
Ал кара, а мен ак түстөгү кийим кийчүбүз. He wore black and I wore white
Кара-Кулжа районунунда сугат суу колдонуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу Improving Access to Irrigation Water in Kara-Kulja District
алар өз милдеттерин кара ниеттик менен, адистигинен жана калыстыктан тайып аткарганда unfaithful, unprofessional or non impartial performance of duties
Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы секс-кызматкерлердин арасында ВИЧ/СПИДдин алдын алуу HIV/AIDS prevention among sex workers of Kara-Suu town in Osh Province
Кара-Суу шаарындагы секс-кызматкерлердин арасында ВИЧ ИПППсынын алдын алуу жана ВИЧти жайылтуусун азайтуу. Reducing the spread of HIV and HIV/STI prevention among sex workers of Kara-Suu
1868: Экинчи Форд Ларами келишими Улуу Сиу Улутунун эгемендүүлүгүнө жана Black Hills (Кара Дөбөлөргө) ээлигине даана кепилдик берет. 1868: The second Fort Laramie Treaty clearly guarantees the sovereignty of the Great Sioux Nation and the Lakotas' ownership of the sacred Black Hills.
Бирок мунун өзү мындай аталышты кара ниеттик менен пайдалануудан укугу бузулган адамды мыйзамда каралган башка ыкмалар менен коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт. However the person whose rights were infringed by unfair use of this appellation shall not be deprived of the possibility of their protection by other means stipulated by the law, as well as on the basis of the rules of unfair competition.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: